Облустардагы өкүлдөр айыл аймактарын ирилештирүүнүн жүрүшү тууралуу айтып беришти

  • 6 месяцев мурун

Министрлер кабинетинде Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында айыл аймактарын ирилештирүү долбоорунун жүрүшү тууралуу маселе каралды. Кеңешмеге административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча облустагы өкүлдөр да катышты.  

Облустардагы өкүлдөр айыл аймактарын ирилештирүү долбоорунун жүрүшү, анын күңгөйү менен тескейи тууралуу айтып беришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров административдик-аймактык реформанын максаты жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун натыйжалуулугуна жетишүү, чечим кабыл алууну ылдамдатуу, ошондой эле акча каражаттын үнөмдөө экенин эскертип өттү.

Долбоордун жыйынтыгы менен, 2024-жылдын 1-апрелине чейин административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча президенттин жарлыгы даярдалмакчы.

Ал эми 2024-жылдын 1-июнуна чейин “Административдик-аймактык түзүлүш” мыйзамынын негизинде тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңешке сунушталат.    

Сүрөт: Кеңешменин жүрүшүнөн. МинКаб басма сөз кызматы.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты