​Саясий партиялардын, Президенттикке талапкерлердин жана коомчулук өкүлдөрүнүн кайрылуусу

Саясий партиялардын, Президенттикке талапкерлердин жана коомчулук өкүлдөрү конституциялык реформага байланыштуу кайрылуу жасады. Кайрылууда минтип айтылат:

-Сунуш кылынып жаткан конституциялык түзөтүүлөрдүн маани-маңызы – бул тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй чектелбеген бийликти жеке бир кишинин колуна карматып коюу. Мындай эбегейсиз зор ыйгарым укуктар мурдагы президенттердин биринде да болгон эмес. Мындай шартта мыйзам чыгаруу бийлик бутагы болгон Жогорку Кеңештин эл тарабынан шайланышы өз маанисин толук бойдон жоготот, — анткени ал орган эч нерсени чечпей калат.

Конституциялык түзөтүүлөрдүн негизги мааниси — болуп көрбөгөндөй чексиз бийликти бир адамга өткөрүп берүү. Акаев дагы, Бакиев дагы, андан кийинки дагы бир дагы президенттерде мындай зор ыйгарым укуктар болгон эмес. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эл президенттердин бийликти узурпациялоосуна каршы күрөшүп келген.

Алар парламенттин курамын тил алчаак, принципсиз адамдардын арасынан гана тандап алышкан; парламенттик кол тийбестикти кыскартып, ондогон жылдар бою катары менен, саясий куугунтуктоолорду жүргүзүп, Жогорку Кеңештеги ар кандай эркин ой-пикирлерди жок кылышты.

Ошол эле учурда, натыйжасыз жана коррупциялашкан өкмөттүн күнөөсүн парламентке илип келген. Ошентип, аны «чимирик» кылып алышкан. Бийликтин иш жүзүндө топтолушу бир колго — президенттин кол тийбестигине ээ болду, анын кол тийбестиги ар дайым кебелбес болгон, ал эми импичмент ишке ашпай турган.

«Чимкириктерди» актабай туруп, биз парламент институтун бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы катары коргойбуз. Бийликтин мындай «супер концентрациялануусу» сөзсүз түрдө өлкөнү жана башаламандыктын бурчуна түртүп коёрун биздин тарыхый тажрыйбабыз далилдеп турат.

Конституция жарандар менен мамлекет ортосундагы негизги келишим болуп саналат. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө гана эмес, бүтүндөй коомго кызмат кылууга тийиш. Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгени алга сүргөн добуштар чыга келген алгачкы күндөрдөн тартып, юристтер,конституциялык укук боюнча адистер, илим-билим чөйрөсүнүн өкүлдөрү, саясатчылар жана жарандык активисттер андай демилгенин Конституцияга жана мыйзамдарга түп-тамырынан дал келбегендиги жөнүндө билдиришкен.

Венециялык комиссия баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын 6 чакырылыштагы Жогорку Кеңеши жаңы чакырылыштагы парламент шайланышына чейин иштей алат, бирок анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүктөн, ага кандайдыр бир чукул чараларды белгилеп-дайындоого, болгондо да, конституциялык реформаларды бекитүүгө уруксат берилбейт.

Андай чечимдердин мыйзамдуулугу дайыма күмөндүү бойдон кала берет. Анын үстүнө мыйзам чыгаруу органдын мандаты аяктагандан кийин, ал өзүнүн ыйгарым укуктарын өзү каалагандай кеңейте берүүгө жана өзүн-өзу конституциялык жыйын кылып өзгөртө берүүгө эч кандай акысы жок.

Улуттук эксперттер да, Венециялык комиссия да белгилегендей, Кыргыз Республикасында Конституцияны өзгөртүү аркылуу гана чечүүгө мүмкүн боло турган каршы тура алгыс чукул кырдаалдар жок.

Саясатчылар да, эксперттер менен Венециялык комиссия да, төмөнкү жагдайга тиешелүү алдын ала эскертишет: Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тек гана юридикалык жол-жобо болбостон, мамлекеттеги пайдубалдуу саясий жараяндарга түздөн-түз олуттуу таасир этет. Конституциялык жана саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн, Негизги мыйзамга кайсы гана болбосун түзөтүүлөрдү киргизгенде, Конституциянын өзүндөгү жол-жоболорду кыйшаюусуз жана коомдун кеңири тилектештиги кырдаалында колдонуу абзел.

Конституциялык палатанын судьяларынан “Реформа” саясий партиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана Президентин шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык мыйзамды конституциялык эмес деп табуу жөнүндө кайрылуусун токтоосуз карап чыгууну жана Венеция комиссиясынын корутундусуна ылайык толук жана так чечим кабыл алууну талап кылабыз.

Анын 114-беренеси аталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн белгилейт.Көрсөтүлгөн мөөнөттөр сакталышы керек, жана аларды бузууга эч кандай шайлоо өткөрүү муктаждыгы шылтоо болушу мүмкүн эмес.

Биз, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясына башкаруунун парламенттик түрүн күчөтүү жагына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жөнүндө мыйзамды кабыл алган Жогорку Кеңештин 6 чакырылышы, эми түп-тамырынан тескери максатты – башкаруунун президенттик түрүн кайрадан алып келүүнү – көздөп, жаңы «конституциялык реформаны» өткөрүүгө юридикалык гана эмес, тарыхый да акысы жок экенин билдиребиз!

Болгондо да, ушул жагдайга байланыштуу бир катар депутаттар, Конституциянын аталган долбоорунун авторлору эмес экендигин, аны менен үстүртөн гана тааныш экенин же деги эле таанышып чыкпагандыгын мойнуна алышкан.

Ал эми депутат Эмил Токтошев билдиргендей, ал аталган долбоор жарыяланганга чейин эле, башкаруунун парламенттик түрүн президенттик түрүнө өзгөртүүгө таптакыр макул болбогондуктан колдоодон баш тарткан, бирок ошентсе да, анын аты-жөнү демилгечи катары аталып, пайдаланылган.

Ушуга байланыштуу ал жасаган билдирүүдөн кийинки эле күнү депутат Э.Токтошев Ички иштер министрлигине суракка чакырылган; бул жагдайды азыркы бийлик тарабынан кысымга алуу деп гана мүнөздөөгө болот. Конституциянын жаңы долбоорун колдоодон баш тарткан дагы бир катар депутаттар кысым-басымга алынып, суракка чакырылган.

Конституциянын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир гана депутатынын кол тамгалары алынып салынган учурда, бул мыйзам чыгаруу демилгеси юридикалык күчтөн ажыратылат жана кароого жатпайт. Башка депутаттардын кол тамгаларын алмаштыруу атайылап орунсуз жана бурмалоо катары каралышы керек.

Форумдун катышуучулары жооптуу депутаттарды колдой тургандыктарын билдиришет жана бир катар депутаттардын кол тамгаларын чакыртып алышын кубатташат .Бул демилгени кошуу үчүн ысымдары колдонулган башка бардык парламентарийлерди чакырабыз.

Президенттин авторитаризмин күчөтүү үчүн Конституцияны өзгөртүү эч качан жарандардын жана жалпы элдин жашоосун жакшыртпайт.

Биз өлкөнүн бардык жарандарын мамлекетибиздин 30 жылдык эгемендүүлүк тарыхынын сабактарын унутпоого, биздин мыйзамдуулукту, укуктар менен эркиндиктерди, демократиялык жетишкендиктерди коргоодо биригүүгө жана Бакиев дооруна реваншисттик кайтып келүүнү токтотууга чакырабыз, -деп айтылат Кайрылууда.

2020-жылдын 18-ноябрында Кыргызстан парламентинин Интернет-сайтында (kenesh.kg) Жогорку Кеңештин80 депутаты кол койгон жаңы конституцияны кабыл алуу боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү мыйзамдын долбоору жайгаштырылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты