Дастан ​Бекешев: Башка фракциядагы депутатка ишеним кат бергендер болгон, бул мыйзамсыз

  • 4 года мурун

Бүгүн, 13-октябрда, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулду. Анда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Дастан Бекешев премьер-министрди шайлоо легитимсиз өткөнүн билдирди:

Мурунку отурумда Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлоо легитимсиз өткөн. Мен бул пикиримди буга чейин да айткам. Өткөн отурумда 51 эле депутат келген. Ишеним кат менен добуш берген 10 депутаттын арасында башка фракциядагы депутатка ишеним көргөзгөндөр болгон. Бул мыйзамсыз”,- деп билдирди депутат.
Дастан Бекешевдин айтымында, бүгүнкү жыйында өзгөчө абал режими жана жаңы төрага шайлоо маселелери каралат.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү боюнча парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгиледи.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Парламенттин ал жыйынын айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты