Парламенттин экс-төрагасынын кадыр-баркын көтөрүү мыйзам долбоору сунушталды

  • 1 месяц мурун

Кыргызстанда парламенттин экс-төрагасынын макамын көтөрүү сунушталууда. «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү көздөгөн мыйзам долбоору 19-мартта коомдук талкууга чыгарылды.

Анын авторлору — депутат Нуржигит Кадырбеков менен Замирбек Мамасыдыков.

Негиздемеде парламенттин мурдагы төрагалары өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышканы менен аларга тиешелүү мамлекеттик кепилдиктерди берүү боюнча так мыйзамдык ченемдер жок экени айтылат.

Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин экс-төрагасына жана анын жубайына дипломатиялык паспорт алууга, акысыз медициналык кызмат менен камсыз болууга, аэропорт, темир жолдун расмий делегациялар үчүн бөлүнгөн залдарын акысыз пайдаланууга сунуш берилет. Бул документ мурдагы спикердин социалдык жактан коргоону жана кепилдиктерди камсыз кылары белгиленген. Эгер кайсы бир кылмышка байланыштуу соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде мыйзамдагы кепилдик укуктар токтотулат.

Кыргызстан эгемендик алганы парламентти 21 төрага башкарды. Азыркы спикер — Нурланбек Шакиев.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты