Төрага Шакиев Интернетте чет элдик мультфильмдерди бөгөттөөгө чакырды  

  • 3 недели мурун

11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кыргызча сөздөрдү колдонууга чакырып, чет элдик мультфильмдерди бөгөттөөнү сунуштады.  

“Азыркы тапта арабдашкан ысымдарды коюу да адатка айланып кетти. Бирок бизде “Бакыт”, “Таалай”, “Элмырза”, Улукбек”, “Чолпон”, “Жылдыз”, «Балбак», “Нурбек”, Акылбек” деген жакшынакай ысымдар бар. Эгерде биз балдарыбызга нукура кыргызча аттарды койбосок, тилибиз эле эмес, кыргыз ысымдары да жоголуп кетет. Бул чоң коркунучтуу жагдай» деди төрага. 

Ошондой эле шаарларда гана эмес, алыскы айылдарда да наристелер телефондон орус тилдеги мультфильмдерди көрө берип орусча сүйлөп калып жатканын айтты:

«Айылдарда наристелердин тили орусча чыгып атат. Ютубдан, телефондон мультфильмдерди көрүп, тили орусча чыгып атат. Кыргыздын тили жоголуп баратат. Ошол үчүн өкмөт, аткаруу бийлиги силерге тапшырма: тез арада мультфильмдердин баарын кыргызчалаш керек. Керек болсо орусча, англисче, башка тилдеги балдар көрө тургандын баарын өчүрүп, кыргызча кылыш керек. Ошонун баарына бөгөт коюш керек. Эмесе кыргыз тили жоголот. Баарыбызга кулагыбызга күмүш сырга. Бүгүн тилди сактап калбасак, 5-10 жылдан кийин кыргыз тилин жоготуп алабыз деген коркунуч болуп атат. Мына, атыбызды жоготуп баратабыз. Аттарыбыз бүт арабча, орусча, башка тилде болуп кетти»деди Шакиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты