Депутаттар Садыр Жапаровдун премьер-министрликке талапкерлигин колдошту

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өткөн жыйында, Садыр Жапаровдун премьер-министрликке талапкерлигин колдошту. Кыргызстандын Өкмөтүн түзүү боюнча токтом долбоору кабыл алынды.

Садыр Жапаров өкмөттүн төмөнкү курамын сунуштады:

  • Алмазбек Баатырбеков — биринчи-вице-премьер-министр;
  • Акрам Мадумаров — вице-премьер-министр;
  • Аида Исмаилова — вице-премьер-министр;
  • Бактыгүл Жээнбаева — финансы министри;
  • Чынгыз Айдарбеков — Тышкы иштер министри;
  • Сабиржан Абдикаримов — Саламаттыкты сактоо министри;
  • Санжар Мукамбетов — Экономика министри;
  • Эркинбек Чодуев — Айыл чарба министри;
  • Жанат Бейшенов — Транспорт министри;
  • Марат Жаманкулов — Юстиция министри;
  • Замирбек Аскаров — Өзгөчө кырдаалдар министри;
  • Эдил Осмонбеков — мамлекеттик экология башчысы;
  • Таалайбек Темиралиев — Аппарат жетекчи.

Бүгүн, «Ала Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын чукул чакыорылган жыйыны болуп, үкмүт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги бекитилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты