Ноокат районунда өзгөчө кырдаал киргизилди
- 4 года мурун
Ош облусунун Ноокат районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.
Бул тууралуу Ош ИИБ билдирди. Райондо төрт блок-пост киргизилди.
Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны алты кишиге жетти.
Дартка чалдыккандар Ноокат районунан аныкталган. Алар да Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген.
20-мартта дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 10 030 га жетти. Айыккандардын саны 86 025 киши болду.
Коронавирус 160 өлкөдө катталды.
Муну бөлүшүү