Отун-энергетикалык комплекстин айрым маселелери жөнүндө жарлыкка кол коюлду

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаров “Отун-энергетикалык комплекстин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, жылуулук менен жабдуунун тиешелүү объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берип, энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулат.

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун филиалдары болгон Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлору, “Бишкекжылуулуктармагы” жылуулук менен жабдуучу объекттерин алардын базасында муниципалдык жылуулук менен жабдуучу ишканаларды түзүү жолу менен Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына өткөрүп берүүсү каралган.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты