​Кыргызстанда дагы үч киши коронавирус жугузду

  • 4 года мурун

Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны алты кишиге жетти.

Бул тууралуу бүгүн, 20-марттагы, маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Дартка чалдыккандар Ноокат районунан аныкталган. Алар да Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген.

18-мартта Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы үч тургунунан коронавирус табылган. Алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген. Алар Шаржа-Бишкек каттамы менен кайтып келишкен.

Ал үчөө менен бир учакта келген 142 адамдын баары аныкталып, обсервацияга жаткырылган. Алардан тышкары дагы чет өлкөлөрдөн келген 386 адам обсервацияда экенин коронавирустун алдын алуу штабы маалымдаган.

Коронавирус аныкталган Сузак районундагы Благовещенка, Орто Азия жана Бостон айылдарында өзгөчө кырдаал киргизилген.

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты