​​Ташиев Cузактагы карантиндеги айылдарга азык-түлүк жана беткап таратты

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев Сузак районундагы айылдарга азык-түлүк жана 20 миң беткап таратты.

“Сузак аймагындагы пост коюлуп тосулган айылдын тургундарына акысыз беткап менен кошо нан жана азык-түлүктөр да Камчыбек Ташиев тарабынан берилди. Ал эми акысыз беткаптар Жалал-Абад шаарында жана Сузак району боюнча таркатылып жатат” деп билдирип жатышат социалдык тармак колдонуучулары.

Блок-пост коюлган Благовещенка айылынын борборуна Ташиев өзү барып, райондук штабга жардамын өткөрүп берди.

«Жалал-Абаддагы чукул кырдаалды жана беткап тартыштыгын эске алып жардам берүүнү чечтим. Ар бир адамдын ден соолугу биз үчүн кымбат. Мындан кийин да жагдайга жараша аракеттер болот» деди Ташиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүгө 5 млн сом бөлмөк болду.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүүгө үй-бүлөсүнүн атынан 1 млн сом берет.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, бизнесмен Аскар Салымбеков коронавируска каршы күрөшүүгө 100 миң даана беткап үчүн каражат бермей болду.

18-мартта Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталгды. Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты