Ташиев: “Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн сумма акыркы үч жылда 100 миллиард сомдон ашып кетти”

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 1-апрелде “7-каналга” берген маегинде коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча жана анын кайсы жакка түшүп жатканын билдирди.

«Жалпы ушул күндө казынага түшкөн каражаттар жөнүндө тактоо киргизип коеюн. 20 миллиард сом дегениңиз бер жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт» деди Камчыбек Ташиев.

Финансы министрлиги буга чейин коррупциядан түшкөн каражат 20 миллиард 445 миллион сом экенин маалымдаган.

УКМК төрагасы Ташиев бул маегинде коррупция, Матраимовдор менен күрөш тууралуу айтып, генерал Өмүрбек Суваналиевдин «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө айткандарына да жооп узаткан.

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты