Шашылыш кабар: Коронавирус Кыргызстанга да жетти

  • 4 года мурун

Коронавирус Кыргызстанга да жетип, үч киши дартка чалдыкканы белгилүү болду.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу республикалык штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды:

«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын биринин, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады».

Дартка чалдыккандар обсервацияда кармалып турушат.

18-мартта эртең мененкиге карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 7940 ка жетти. Коронавирустан айыккандардын саны 81911 киши болду.

Кытайда 81 074, Италияда 31 506, Иранда 16 169, Испанияда 11 826, Германияда 9 257, Түштүк Кореяда 8 413, Францияда 7 695 киши ж.б. мамлекеттерде чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн жкманын аягында Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.

Биздин жарандар барып дарт жугузуп келген Сауд Арабиясында 171 киши дартка чалдыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты