Камчыбек Ташиев: «Эл сүйлөсө дагы, Суваналиев сүйлөбөй эле койсунчу”

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “7-канал” телеканалына 1-апрелде маек берип, генерал Өмүрбек Суваналиевдин “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүңдө Матраимовдорго жана коррупцияга каршы күрөш тууралуу айткандарына жооп узатты.   

-Кечээ жакында “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” деген көрсөтүүсүндө генерал Өмүрбек Суваналиев эл ичинде айтылып жүргөндөй, “кустуризацияны” туура эмес сыпаттап, “мыйзамдуу жол менен кетиш керек болчу, коррупцияны күч менен жоё албайбыз”- деди. Мындан сырткары ал “кустуризациядан түшкөн акчалардын дайыны жок” деген сөзүн айтты?

-Биринчиден, мен “Азаттык” радиосун укпайм. Кимдер андан чыгып алып, эмнелерди сүйлөп жатканын карап олтурганга менин убактым да жок. Суваналиевдин сүйлөгөнүн дагы сизден угуп атам.

Экинчиден, эл сүйлөсө дагы ушул Суваналиев сүйлөбөй эле койсунчу. Анын деңгээлин, эмне үчүн аны өз убагында “жыгач генерал”, “к..тани” деп атап алышканын 2021-жылы орун алган Баткен окуясы көрсөттү. Мына ошол өзүнө тагылган эпитеттерге толук татыктуу экени көрүндү. Дал ошол себептен кызматтан алынды. Менден эмес, Баткен элинен барып сурасаңыз толугураак жооп аласыз.

Суваналиев өзүн генерал катары сыпаттаганды жакшы көрөт. Генералдык чинди жарым жылдай убакыт гана кызматта турган убагында көтөрүп жүрдү, бирок ошол убакыт ичинде деле элдин оозуна алына турган көп иштерди жасап койсо болот эле. Айтыңызчы, колго аларлык эмне иш кылды, оозун куу чөп менен аарчыгандан башка?” деп жооп берди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле Ташиев өзүнүн генералдык наамы тууралуу буларды айтты:      

-Жеке мен кызматта иштеп турган убагымда генералдык наамды 6 жылдан ашуун убакыт көтөрүп жүрсөм, бул наамды алганыма жалпысынан 15 жылдай убакыт өтүптүр. Ким кандай иш жасады, эл тараза.

Биздин жасап жаткан иштерибиз элге бүт ачык көрүнүп турат. Эгемендикке ээ болгондон бери элдин талап-тоноп келе жаткан уурулардан өндүрүлүп жаткан каражаттар биринчи кезекте калктын социалдык турмушун жакшыртууга жумшалып жатат. Ар бир региондо үйго муктаж жарандар үчүн ипотекалык үйлөрдүн курулушу, жаңы салынып жаткан мектептер, бала бакчалар, жолдор ушул ишибиздин жыйынтыгы. Бир эле аскердик тармакты ала турган болсок, акыркы 2 жылда армиябызды күчтөндүрүүгө 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалды” деди Ташиев.

УКМК төрагасы маекте сөзүн мындайча жыйынтыктады:  

-Баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Кыскасы, “ит үрө берет, кербен жүрө берет”. Биз мамлекет үчүн ишти кыла беребиз. Баарын тарых өзү таразалап алат. Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү — жарыя кылабыз. Мына ошол тизмеден ар ким өзүнүн мамлекетке канча акча бергенин анык көрө алат. Бул биздин «жарымын сол чөнтөккө уруп, жыргап атышат»- дегендерге берген жообубуз болот. Жеке мен турганда мамлекеттин бир да тыйынын сол чөнтөккө урдурбайм, бир сомун дагы жедирбейм. Буга мен жүз пайыз кепилдик берем!

Анткени, дагы кайталайм, мамлекетти сүлүк курттай соруп келген уурулардан коомду тазалоо өтө кыйын болуп жатат. Азыр дагы тазалап бүтө албай жатабыз, алар абдан уюмдашып кеткен. Мунун баары эл үчүн! Бир тыйыны калбай мамлекеттин, элдин пайдасы үчүн жумшалат. Күтүп тургула” деди УКМК төрагасы 7-каналга берген маегинде.

«Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Өмүрбек Суваналиевдин айткандары бул шилтемеде.

Сүрөттө: генерал Өмүрбек Суваналиев. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты