Сузак районунда контрабандалык жүк ташуучу туннель табылды
- 1 месяц мурун
- Видео
19-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кызматкерлери тарабынан жүк жана адамдарды мыйзамсыз ташуу үчүн колдонулган туннель табылды.
Аталган туннель Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы Өзбекстан мамлекеттик чек арасына жакын жерден табылган.
Туннелдин тереңдиги 15 метр, жалпы узундугу 130 метр, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына чейинки узундугу 50 метр, ал эми бийиктиги 1 метр 70 смди түзөт.
Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн 1986-жылы туулган үйдүн ээси Э.А. кармалды. Учурда УКМК кызматкерлери тарабынан тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар башка адамдарды, КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы