Ташиев: “Орок айылына стадион эки жылда курулуп бүтөт”

  • 2 месяца мурун

Кыргыз футбол союзунун президенти, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекке жакын Орок айылына салына турган стадиондун курулушу эки жылда аяктай турганын 19-февралда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“10-15 күндүн ичинде курулушу башталат. Биз жаңы стадионду эки жылда куруп бүтөбүз деп ойлоп атабыз. Эки жылда 40 миң киши бата турган стадион курулуп бүтөт. Бирок биз быйыл Дөлөн Өмүрзаков стадионун оңдойбуз” деди Ташиев.

Бүгүн, 19-февралда, Кыргызстан футбол союзунун (КФС) кезексиз конгрессинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев  Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды.

Буга чейинки КФС президенти Медербек Сыдыков отставкага кетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты