Европарламент Украинага 50 млрд евро бөлөт

  • 2 месяца мурун

Европарламент төрт жыл аралыгында Украинага 50 миллиард евро өлчөмүндө жардам көрсөтүү үчүн добуш берди. Мыйзамды 536 депутат колдоп, 40ы каршы, 39у калыс болду.

Европарламенттин сайтында жарыяланган билдирүүдө Евробиримдик Украинаны зарыл болгонго чейин колдой турганы айтылат.

ЕБнын лидерлери 1-февралдагы жолугушууда Венгриянын узак мөөнөттүү каршылыгын жеңип, Киевге макрофинансылык жардам бөлүүгө макулдашкан.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен 24-февралда Киевге болгон иш сапары учурунда жардамдын биринчи траншы март айында жөнөтүлөрүн кабарлаган. Суммасы канча экени айтылган эмес.

Украинанын экономика министрлиги Евробиримдиктен март айында төрт жарым миллиард евро күтүп жатканын кабарлаган.

Расмий сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты