Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүгө 1,1 млрд сом бөлөт

  • 4 года мурун

19-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска каршы күрөшүү боюнча маалымат берди.

Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, саламаттык сактоо министрлигине — 30 млн сом, өзгөчө кырдаалдар министрлигине — 21 млн сом, ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу инспекциясына- 5 млн сом бөлүндү.

“Экономиканы колдоого 400 млн сом бөлүндү. Андан тышкары эки мамлекеттик банк буудай менен алектенген ишкерлерге 8 % менен 800 млн сом бөлдү. Мамлекеттик резервдер фондуна 411 млн сом бөлүндү. Жалпысынан бул 1,1 млрд сомдук чечим” деди Абылгазиев.

“Кытайдын импортунун жоктугунан 2 млрд 80 млн сом жоготтук. Башка көрсөткүчтөр боюнча да жоготуулар бар” деди премьер-министр.

18-мартта Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталды. Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты