​Өкмөттүк эмес уюм каржылоосун ачыктоо мыйзам долбоорун биринчи окууда 100 депутат колдоду

  • 4 года мурун

Бүгүн, 4-мартта, Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2, 3 — окууларда кабыл алынды.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүү өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоо булагын ачыктоого милдеттендирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Б. Райымкулов, У. Кыдыралиев, У. Примов, Ж. Мусабекова, Б. Турусбеков, М. Маматалиев, Е. Строкова, А. Исмаилова.

Биринчи окууда аталган мыйзам долбооруна жүз депутат макул деп добуш берди. Алардын тизмеси:


Жогорку Кеңеште 27-февралда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

«Жаңырык» аттуу улуттук уюм, анын ичинле 40 жакын коомдук уюм, өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна каршы экендигин билдирип, Президентке, премьер-министрге, акыйкатчыга, коомчулукка ачык кат менен кайрылды.

Кайрылууда өкмөттүк эмес уюмдардын иши ар дайым ачык экенин, «Санарип Кыргызстан» системасы боюнча текшере аларын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты