Amnesty International  уюмунун баш катчысы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына вето коюуга чакырды

  • 4 недели мурун

Amnesty International (AI) эл аралык уюмунун баш катчысы Аньес Калламар Кыргызстандын парламенти кабыл алган “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына вето коюуга чакырды. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.

Анда баш катчы Аньес Калламар президент Садыр Жапаровду өлкөнүн өнүүсүнө салым кошуп жаткан жарандык коомго терс таасирин тийгизе турган мыйзамга вето коюуга үндөгөн.

“Мен президент Жапаровду Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын аны менен жолугушуу сунушуна оң жооп берүүгө жана мыйзамга вето коюп, кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоого чакырам” деди Калламар.

Уюмдун баш катчысы өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар эл аралык өнөктөштөрдүн каржылык жардамы менен аялдар укугу, аймактардын өнүгүүсү, таза суу, медициналык кызмат жана майыптыгы бар адамдарга жардам берүү сыяктуу иштерди аткарып жатканын белгилеген.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта «чет элдик өкүл» деген атка конгон.

Аны Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын жарымынан көбү авторлуктан баш тартып койгон.

Нарматова анда «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок» экенин айткан.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өттү. Эреже боюнча, мыйзам долбоору парламенттин колдоосун алгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Мыйзамда айрым жарандарга “Чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 100 дөн ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырып жатышат.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты