Отуздан ашуун эл аралык уюм Жапаровду чет элдик өкүл тууралуу мыйзамга кол койбоого чакырды

  • 1 месяц мурун

20-мартта бир катар өлкөлөрдөгү 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюм Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго «чет элдик өкүл» мыйзам долбооруна байланыштуу ачык кат жолдошту. Анда Кыргызстандын бул мыйзамга каршы чыгып жаткан уюмдарына тилектештик айтылды.

АКШ, Армения, Беларусь, Бельгия, Венгрия, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Польша, Украина, Швеция жана башка өлкөлөр боюнча иштеген бейөкмөт уюмдар, «Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду», «Адам укуктары боюнча эл аралык федерация», «Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм», Amnesty International уюмдары кол койгон катта эгер бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандагы демократияга, жарандык коомдун өнүгүүсүнө олуттуу зыяны тиери белгиленди.

Алар кыргыз президентин бул мыйзамга кол койбоого чакырып, андагы нормалар өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келерин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, акыйкаттыгын камсыз кылуучу жарандык коомго басым болорун айтышты.

Катта Кыргызстандын экономикасына, өнүгүүсүнө жардам берип жаткан эл аралык программалар үчүн коркунуч жаралары, өлкөнүн жетишкендиктерине бөгөт коюлушу ыктымал экени айтылды.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта «чет элдик өкүл» деген атка конгон.

Аны Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын жарымынан көбү авторлуктан баш тартып койгон.

Нарматова анда «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок» экенин айткан.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө «чет өлкөлүк өкүл» деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өттү. Эреже боюнча, мыйзам долбоору парламенттин колдоосун алгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты