«Эшек жайлоо» деген мындан ары болбойт». Садыр Жапаров чет өлкөлүк өкүл мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров талаштуу “Чет өлкөлүк өкүл» мыйзам долбооруна кол койгонун Фейсбук баракчасына жазды.  

“Көпчүлүктү, өкмөттүк эмес уюмдарды жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрүн кызыктырган мыйзамга кол койдум. Буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү мага кайрылышып, бул мыйзамга кол коюудан баш тартуумду суранышкан. Эмне үчүн?” деп суроо салып президент ага  жооп жазды.

“Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен.

Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт.

Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат. Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. “Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат.

30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган, эми куугунтуктамак белек?

Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт” деди президент  Садыр Жапаров.  

Кыргызстандагы 100дөн ашык жарандык уюм “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” ( эл арасында «Чет өлкөлүк өкүл» деп аталган ) мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Анда бул мыйзам кабыл алына турган болсо, өлкөгө эл аралык донорлордон келип жаткан каржылык колдоонун көлөмү кескин кыскара турганы, бул жагдай Кыргызстандагы бир катар тармактарга терс таасир этери жазылган.

Мисал катары калктын арасында оорулардын айрым түрлөрүнүн көп жайылышы айтылып, учурда кургак учук, ВИЧ, рак жана башка илдеттер боюнча коммерциялык уюмдар жарандарга жардам берип келе жатканы белгиленген. Мындан тышкары мыйзамдын кабыл алынышы билим берүү программаларынын жабылышына, адам укуктарынын абалынын начарлашына, өлкөгө келген инвестициялардын кыскарышына алып келиши мүмкүн экени жазылган.

Кайрылуу жолдогондор Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттин өнөктөшү экенин, көйгөйлөрдү жөнгө салууда кызматташып келерин белгилешкен.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда “саясий иш менен алектенген” деген категориянын киришин айыптап, мындай талаптын кириши адам укугуна жана Кыргызстан кол койгон эл аралык резолюцияларга каршы келери жазылган.

Жарандык уюмдардын отчеттуулугу ачык-айкын экенин, алардын ишмердигин көзөмөлдөө боюнча мыйзамдагы азыркы талаптар жетиштүү экенин белгилеп, Мамлекеттик салык кызматына, Социалдык фондго жана статистика органдарына үзгүлтүксүз отчетторду берип турушарын такташкан.

Мындан улам президент Жапаровду укугунан пайдаланып, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна вето коюуга чакырышкан.

Эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырышкан. АКШ, Армения, Беларусь, Бельгия, Венгрия, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Польша, Украина, Швеция жана башка өлкөлөр боюнча иштеген бейөкмөт уюмдар, «Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду», «Адам укуктары боюнча эл аралык федерация», «Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм», Amnesty International уюмдары кол койгон катта эгер бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандагы демократияга, жарандык коомдун өнүгүүсүнө олуттуу зыяны тиери белгиленди.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта «чет элдик өкүл» деген атка конгон.

Аны Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын жарымынан көбү авторлуктан баш тартып койгон.

Нарматова анда «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок» экенин айткан.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты