​Өкмөттүк эмес уюмдар мыйзамына каршы кайрылуу

  • 4 года мурун

Кыргызстанда «Жаңырык» аттуу улуттук уюм, анын ичинле 40 жакын коомдук уюм, өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна каршы экендигин билдирип, Президентке, премьер-министрге, акыйкатчыга, коомчулукка ачык кат менен кайрылды.

Кайрылууда өкмөттүк эмес уюмдардын иши ар дайым ачык экенин, «Санарип Кыргызстан» системасы боюнча текшере аларын билдирген.

Кайрылууда эгер бул мыйзам кабыл алынса биринчи кезекте социалдык жактан коргоого муктаждарга, майыптар менен иштеген уюмдарга залакасы тиерин айтышууда.

Жогорку Кеңеште 27-февралда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун автору — Жогорку Кеңеш депутаты Бактыбек Райымкулов.

Аталган мыйзам долбоору 2019-жылдын 31-августунда коомдук талкууга коюлган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты