​Кыргыз-тажик чек арасында ок жаңырды

  • 5 лет мурун

КР Чек ара кызматы билдиргендей, Баткендин Кара-Бак айылынын жашоочулары менен Тажик чек арачыларынын ортосунда араздашуу чыкты. Анда тажик чек арачылары абага ок аткан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы мындай деп билдирди:

“Кара-Бак айылынын жашоочулары бейитте сөөктү жерге берип, куран окуп жатышкан. Бул убакта тажик чек ара күзөтү келген. Эл алардан бейитке кирбегиле деп талап кылган.

Маселени эки өлкөнүн чек арачылары талкуулашкан. Бул убакта тажик чек арачыларынын жолуна аң каза баштаган” деп билдирди Кыргызстан Чек ара кызматы.

Тажик чек арачылары асманга ок аткан.

Кара-Бак айылынын тургундары менен түшүндүрүү иштери жургүзүлүп жаткандыгы айтылды. 100 дөй киши чогулуп, бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылышты.

Эски-Мазар бейити Тажикстан менен чек аранын шарттуу сызыгынан 150 метр жерде. Бул жер чек арада белгиленген эмес, бирок Кыргызстан жарандары тарабынан пайдаланылып жүрөт.

13-мартта Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун улантып жаткан учурда аны токтотуу талабы менен чогулушкан.

Тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жапса, ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапканы кабарланууда.

13-марттагы чек ара жаңжалында кишилер каза болуп, ондогон адамдар жаракат алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты