Баткен жана Кара-Суу округдары:  ЖК депутатын шайлоого 23 млн 934 миң сом сарпталат

  • 2 месяца мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча  Жогорку Кеңештнин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти.

23 934,0 миң сом суммасында бекитилген чыгымдар сметасы шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарда каралган мамлекеттик бюджеттен каржылануучу иш-чараларды камтыйт.

Чыгымдар сметасында тѳмѳндѳгү чыгашалар эсепке алынган:

— 11 778,0 миң сом — шайлоону уюштурууга борборлоштурулган чыгашалар: маалымдо, комиссияларды окутуу, байланышты камсыз кылуу, маалымат материалдарын жана шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатылуучу материалдарды аймактарга жеткирүү ж.б.

— 12 156,0 миң сом – эки округдук шайлоо комиссиясынын жана 143 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылуу үчүн.

Шайлоону камсыз кылуу үчүн эки округдук комиссияга — 29 мүчө, 143 участкалык комиссияга – 1753 адам, автоматтык эсептѳѳчү урналардын — 66 оператору жана техникалык колдоо топторуна 35 адис тартылат.

2024-жылдын 5-мартына карата алдын ала маалыматтарга ылайык эки райондо 223560 шайлоочу бар.

№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, ал округдарда шайлоо жарыяланды.  Аталган округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2024-жылдын 28-апрелине дайындалды.  

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

2021-жылы парламенттик шайлоодо Искендер Матраимов Кара-Суу, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты