Тажикстандагы жер титирөө Кыргызстанда да сезилген
- 7 месяцев мурун
Кечээ, 31-мартта, саат 06.25те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө Кыргызстанда да сезилген.
Кыргызстандын Сейсмология институтунан билдиргендей, жердин силкинүүсү Кыргызстандын аймагында да сезилген. Жер титирөөнүн очогу Коргон айылынан 82 чакырым түштүк-батышта Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Коргон айылында силкинүүсү 3 баллга чейин сезилген.
Ошол эле күнү кечинде саат 18.20да Кытайда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Бедел айылынан 45 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Кажы-Сай айылынан 160 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү