№ 2 Баткен жана № 9 Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, ал округдарда шайлоо жарыяланды.  

Аталган округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2024-жылдын 28-апрелине дайындалды.  

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

2021-жылы парламенттик шайлоодо Искендер Матраимов Кара-Суу, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун агасы.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2021-жылы 27-январдагы чечими менен Бажы кызматанын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынган. Ал тергөө менен кызматташып, бажыда коррупциялык схема түзгөнү үчүн мамлекетке 12 миллион сом төгүп берген. Ражабалиев бул иштерди мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен чогуу кылганын тергөө аныктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты