№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу:  Талапкерлер БШКга арыз берүүдө

  • 1 месяц мурун

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер арыз берүүдө. 11-мартка карата 4 киши арыз берди.

Алар  -“Чек ара” коомунун жетекчиси -Алимберди Бегматов,  “Геопарк Мадыген” коомдук фондунун директору Кеңеш Салихов, “Комфорт Хаус” ЖЧК директору Бактыяр Калпаев,  убактылуу иштебеген Максатбек Дыйканов.  

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, ал округдарда шайлоо жарыяланды.  Аталган округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2024-жылдын 28-апрелине дайындалды.  

Ошондой эле № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалды.

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

2021-жылы парламенттик шайлоодо Искендер Матраимов Кара-Суу, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты