Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты
- 5 лет мурун
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты. Учурда абал чыңалган бойдон экенин жергиликтүү тургундар кабарлашууда.
Бүгүн, 13-март күнү Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун улантып жаткан учурда аны токтотуу талабы менен чогулушкан.
Чек арага жакын топтолгон тажикстандыктарды кошуна өлкөнүн күч кызматтары, чек арачылары көзөмөлдөп турушат.
Учурда тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жапса, ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапканы кабарланууда.
Аны менен катар эле эки тараптан дагы жарат алгандар бар экени, кыргыз жарандын үйү өрттөлгөнү кабарланууда.
Муну бөлүшүү