Жогорку сотто Өмүрбек Текебаевдин иши карала баштады

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-майда, Жогорку сотто «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши карала башталды.

Мурда 23-апрелге белгиленген Жогорку соттогу процесс прокурорлордун кылмыш иши менен таанышышы үчүн убакыт керек болгонунан бүгүнкүгө жылдырылган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык бизнесмен жана Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен коррупцияга айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Башкы прокуратурага буга чейин Текебаев менен Чотоновдун күнөөсүз экенин далилдеген жүйөөлөр да көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү Жогорку сотто жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу алардын иши кайра каралып жатат.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү жана саясатчылардын тарапташтары Жогорку сотко чогулушту.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты