Жогорку соттун судьялары шайланды. Эркинбек Мамыров өткөн жок

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 10-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди карады.

Талапкерлер тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. Президент Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.

Эркинбек Мамыровдун талапкерлиги тиешелүү добуш ала алган жок. Депутаттар Элмира Байтикова менен Медербек Сатыевди Жогорку соттун судьялыгына шайлашты. Жогорку соттун шайланган судьялары парламентте ант беришти.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты