АКШ Жогорку соту Техастын миграциялык мыйзамын калыбына келтирди

  • 1 месяц мурун

АКШнын Жогорку соту Мексика менен чек арадан мыйзамсыз өтүүгө каршы аракет көрүү тууралуу Техас штатынын мыйзамын калыбына келтирүүнү чечти.

Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Басылма белгилегендей, Жогорку сот бул чечими менен аталган мыйзамды бөгөттөө тууралуу президент Жо Байдендин администрациясынын сунушун четке какты.

«Америка авазы» кабарлагандай, Жогорку соттогу алты консерватор-судья мыйзамды калыбына келтирүүнү колдосо, үч либерал-судья каршы добуш берди. Алар бул чечимге нааразы экенин айтып, мыйзам «өлкөнүн иммиграциялык саясатын түп тамырынан өзгөртөрүн» билдиришти.

Январда Юстиция министрлиги демилгени бөгөттөө өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Министрликтен документ АКШ Конституциясынын жоболорун бузуп, иммиграция боюнча федералдык мыйзамга каршы келерин белгилешкен.

2023-жылы декабрда кабыл алынган мыйзамга ылайык, штаттын полиция кызматкерлери өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө шектелген адамдарды камакка ала алышат. Ага чейин мындай ыйгарым укук федералдык бийликте гана болгон.

Техас мыйзамында чек арадан мыйзамсыз өтүү же штатка кайталап мыйзамсыз кирүү кылмыш катары эсептелип, бул үчүн 180 күндөн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Техас буга чейин чек арадан мыйзамсыз өтүү учурларын токтотуу максатында бир катар чараларды, анын ичинде чек арага Улуттук гвардиянын аскерлерин жайгаштыруу, мигранттарды тосуу жана Рио-Гранде дарыясына тосмо орнотуу өңдүү чараларды көрө баштаган.

Сүрөт: АКШ-Мексика чек арасындагы тосмонун алдында турган мигранттар. Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты