Текебаевдин соту 3-майга жылды

  • 5 лет мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун бүгүн, 23-апрелде, Жогорку сотто карала турган иши 3-майга жылдырылды.

Анын себеби прокурорлордун өтүнүчү менен, 80 томдук материалды окуп чыгуу үчүн убакыт керек дешти.

Жогорку соттун чечимине Текебаевдин тарапташтары нааразы болушууда.

Бүгүн «Ата Мекен» саясий партиясы Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотоновдун жана “Мекенчил” партиясынын тарапташтары Садыр Жапаровдун ишинде адилеттүүлүктү талап кылып митингге чыгышты.

Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылдырылды.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты