Жогорку сот төрагасы Базарбеков: «Соттор жогорку деңгээлде көз карандысыздыкка жетти десек жаңылган болобуз»

Кыргызстанда соттор толук көз карандылыкка жетише элек.  

Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Замир Базарбеков журналисттердин суроолоруна жооп берген учурда билдирди.

“Соттор жогорку деңгээлде көз карандысыздыкка жетти десек жаңылган болобуз. Карапайым элдин, коомчулуктун арасында “соттор көз карандысыздыкка жете элек” деген сөздөр айтылып жатат. Мен деле ага кошулат элем. Анын себеби, соттор толук көз карандысыздыкка жетти деп сот реформасынын жыйынтыгы менен айтсак туура болот” деди ал.

Сот реформасы коомдогу бардык адамдарга, мекемелерге таандык экенин жана сот реформасына аягына чыгууга аракеттенип жатканын билдирди. Сот реформасы боюнча сын пикирлер да айтылып жатканын кошумчалады.

Бүгүн, 26-февралда, Жогорку соттун төрагасы Замир Базарбеков журналисттерге басма сөз конференциясын өткөрүүдө.

Расмий маалымат боюнча, сот тармагына 2020-жылы 1,2 млрд сом берилсе, 2023-жылы 3,5 млрд сом бөлүнгөн.

Сүрөт: Видео тасмадан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты