Жогорку сот үч адамдын өлүмүнө айыпталган Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырды

  • 6 месяцев мурун

15-январда Бишкек шаардык соту үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Чынтемир Аширалиевдин мүлкүн конфискацияга алуу чечими да өзгөртүүсүз калды.   

Сотто Аширалиев балдарды өлтүрбөгөнүн айткан жана жазаны жеңилдетүүнү өтүнгөн.

3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиевге өкүм чыккан.

Соттун чечими боюнча Чынтемир Аширалиев кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал жазасын өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт. Ошону менен катар эле сот Аширалиевди жабырлануучу тарапка 671 миң сом материалдык чыгым жана 3 млн сом моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирген.

Быйыл февралда Бишкек шаарында 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ч.А. аттуу жаран 17-февралда кармалган. Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 16-апрелге чейин №1 убактылуу тергөө абагына камоо чечимин чыгарып, кийин анын абактагы мөөнөтү узартылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты