Зилзала жана боз үйлөр

  • 1 год мурун

Түркиялык саясатчы Кемал Кылычдароглу Твиттер социалдык тармагында ал жактагы зилзаладан кийин тигилген чатырлардын жана кыргыздын боз үйлөрүнүн сүрөттөрүн жарыялады.

Ал AFAD (Түркиядагы өзгөчө абалды жоюу башкармалыгы) тарабынан тигилген чатырлар (солдо) жана Кыргызстандын гуманитардык уюмдары тарабынан тигилген боз үйлөрдү (оңдо) салыштырып, «тартипсиздик капиллярларга чейин кирип кеткен» деп өздөрүн сынга алды.

Кыргызстандан Түркиянын зилзала болгон аймагына жалпысынан 127 боз үй менен “боз үйлөр” шаарчасы тигилген.

18-февралда, зилзала болуп өткөн Түркиянын Хатай облусунун аймагында кыргыз куткаруучулары 13-күн дегенде урандылар алдынан аман-үч кишини алып чыгышты.  Буга чейин урандылар алдынан дагы беш кишини аман куткарышкан.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты