Чолпон-Атада кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү 

  • 2 месяца мурун

ЧолпонАта шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиянын 12-жыйыны чакан жана кеңейтилген курамда өттү

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы алдында болду. 

Адылбек Касымалиев Кыргызстан Өзбекстан менен соода-экономикалык тармакта кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берээрин, бул багытта өз ара сооданын өсүп жатканын белгиледи.

“2025-жылдын аягына чейин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд доллардан ашты бул 2024-жылга салыштырмалуу 19%га өстү. Акыркы беш жылдын ичинде эки эсе өскөнүн баса белгилегим келет. Биз биргелешип алдыга амбициялуу, аткарыла турган максатты койдук, 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү — 2 млрд долларга жеткирүү” деди Касымалиев. 

Ошондой эле долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткан Кыргызстан-Өзбекстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү, жетишилген макулдашууларга ылайык, анын уставдык капиталын көбөйтүү айтылды.

Ошондой эле, транспорт тармагындагы кызматташтык экономикалык интеграциянын негизги фактору бойдон кала берээри, 21-кылымдын заманбап “Жибек жолуна” айлана турган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору ишке ашырылып жатат. Энергетика тармагындагы стратегиялык мааниге ээ, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну тыгыз координациялоо улантылууда. 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бүгүнкү сүйлөшүүлөр конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталганын жана өзбек тарап даяр жана кызыкдар экенин билдирди. 

Отурумдун соңунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты