Венесуэла: Зилзала кеминде 235 кишинин өмүрүн кыйды  

  • 2 месяца мурун

Венесуэладагы зилзала кеминде 235 кишинин өмүрүн кйып, 4300 дөн кем эмес киши жаракат алды.

Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Карлос Альварадо 24-июнда билдирди.

Каза тапкандар мындан да көп болушу ыктымал, себеби миңдей киши дайынсыз болууда.

24-июнда Венесуэланын борбору Каракас шаарында 7,2 жана 7,5 магнитудасына жеткен эки жолу жер титирөө катталды. Каракас шаарынын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, шаарда үйлөр жана имараттар кулады.

АКШнын геология кызматынын божомолунда, каза тапкандардын саны 10 миңден 100 миң кишиге жетиши ыктымал.

Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес өлкөдө өзгөчө кырдаалдар киргизүүнү жарыялады.  

Биринчи жолку жер титирөө 24-июнда жергиликтүү саат 18:де, Каракас шаарынан 168 чакырым алыстагы Морон шаарында болгон. Экинчи жер титирөө Морон шаарына 16 чакырым жакын жерде болгон.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты