Махабат Тажибек кызынын иши боюнча сот отуруму өтүүдө
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 23-мартта, журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча алдын ала угуулар өтүүдө.
Анда жактоочулар кылмыш ишин токтотуу жана журналистти камактан токтоосуз бошотуу тууралуу өтүнүч келтиришти. Сот бул боюнча чечим чыгармакчы. Прокурор дагы камактан башка баш коргоо чарасын тандоону суранды.
«Сот кеңешме бөлмөсүнө кетти. Күтүп жатабыз, буюрса үмүтүбүз акталат деген ойдобуз, себеби мыйзам, акыйкат биз тарапта. Андан сырткары прокурор дагы «баш коргоо чарасы катары камактан башка түрүн тандоого каршы эмесмин» деген корутунду берди» деди жактоочу Акынбек Ногоев.
Бүгүн, 23-мартта, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда журналист Махабат Тажибек кызынын иши жабык эшик артында каралды.
Журналист сотко онлайн трансляция аркылуу кошулуп, акыркы жагдайлар жана «Temirov Live» долбоорунун эки жыл мурунку «Кыргызнефтегаз» ишканасы тууралуу иликтөөсү боюнча пикирин билдирди.
2026-жылы 10-мартта Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, буга чейинки чечимдери жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөттү.
Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы чечимин, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечимин жана эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарды.
Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.
Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.
2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Махабат Тажибек кызы — өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы. Учурда №2 түзөтүү абагында жазасын өтөөдө.
Сүрөт: Ленин райондук соттук процесс учурунда. Адвокаттар Асел Аргымбаева жана Акынбек Ногоев. 23-март 2026-жыл. «ПолитКлиника»




