Жогорку соттун чечими менен Чыңгыз Мамаев акталды
- 4 недели мурун
Жогорку соттун чечими менен актер Чыңгыз Мамаев акталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков билдирди.
17-апрелде Свердлов райондук соту актёр Чыңгыз Мамаевди актаган.
Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын 21-мартында Бишкекте Германиянын жаранын зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата кылмыш-жаза кодексинин «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
2022-жылы 6-декабрда шаардык сот Мамаевге козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн, чечим «Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн» деген негизде 2022-жылы 22-ноябрда кабыл алынганын билдирген. Былтыр январь айында Бишкек шаардык соту Чыңгыз Мамаевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.
Сүрөттө: Чыңгыз Мамаев. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү