Актёр Чыңгыз Мамаев сотто толук акталды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 17-апрелде Свердлов райондук соту актёр Чыңгыз Мамаевди толук актады. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына анын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков билдирди.

Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын 21-мартында Бишкекте Германиянын жаранын зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылы 6-декабрда шаардык сот Мамаевге козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн, чечим «Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн» деген негизде 22-ноябрда кабыл алынганын билдирген. Былтыр январь айында Бишкек шаардык соту Чыңгыз Мамаевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты