Актер Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты

  • 1 год мурун
Актер Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты

Бишкек шаардык соту зордуктоого шектелип кармалган актер Чыңгыз Мамаевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Мамаевдин адвокаты Нурсултан Жаныбеков «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

Адвокат сот буга чейинки тергөөнүн жүрүшүндө Чыңгыз Мамаевдин күнөөсү бар экени далилденбегенин жана айыпталуучунун укуктары тергөө учурунда одоно бузулганын эске алып аны үй камагына чыгаруу тууралуу чечим чыгарганын билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкектин Свердлов райондук соту Мамаевге карата козголгон кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөткөн.

Айыпталуучунун адвокаты баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу шаардык сотко арыз берген.

Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын 21-мартында Бишкекте Германиянын жаранын зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты