Акыйкатчы институтунун кызматкерлери абактагы Махабат Тажыбек кызынан кабар алды

  • 1 год мурун

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чүйдөгү №2 аялдар абагына мониторингге барып келгенин билдиришти. Институттун кызматкерлери журналист Махабат Тажыбек кызы менен баарлашкан.

Махабат Тажыбек кызы Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине коркутуулар болгонун билдирди.

“Ооба, В. Лысенко тарабынан коркутуулар болгон. Ал нерселер мен абакка келген биринчи күндөрдө болгон. Ал мени өлтүрөм деп коркуткан. Азыр абактын жаңы жетекчиси тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Учурда менин өмүрүмө коркунуч жаралган жок. Андыктан абактын кызматкерлерине жана соттолгондорго доом жок” деп жазган ал өз арызында.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери абактын жетекчилиги менен тиешелүү иш алып барышты. Мекеменин жаңы жетекчиси Махабат Тажыбек кызынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында, 13-февралда Лысенкону жалпы режимден катаал шартта кармоого (камералык типтеги жайга) которгонун маалымдады.

Абакта жаткан “Айт айт десе” жана “Темиров лайв” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызы өмүрүнө коркунуч келип жаткандыгы тууралуу кат аркылуу билдиргенин Фейсбук баракчасына анын жубайы Болот Темиров жазды.

Махабат Тажыбек кызынын катында түрмөдө ага соттолуучунун бири тарабынан ууландырып салуу, өлтүрүү менен коркутуу болуп жатканы айтылат.

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) абактагы Махабат Тажыбек кызынын өмүрү коркунучта деген билдирүүнү төгүндүп, анын коопсуздугуна коркунуч жок экенин билдирди.

2024-жылы 10-октябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда чечим чыгарылды.   Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.  

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Сүрөт: Сот учурунда. Махабат Тажыбек кызы. 18-июль 2024-жыл. «ПолитКлиника» медиасы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты