Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдун соту 12-сентябрда улантылат
- 11 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбек Айжигитовдун жана анын жубайы Гүлзат Жолдошованын алгачкы сот отуруму бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда өттү. “Азаттыктын” билдирүүсү боюнча, сотко Султанбай Айжигитов адвокатсыз катышты. Адвокат сот башталаарда кызмат кылуудан баш тарткан.
Алгачкы со отурумунжа Султанбай Айжигитов ден соолугуна байланыштуу сотту эки жумадан кийин баштоону өтүнгөн Бирок анын соту кабыл алынган эмес. Ал мэи жолдошу Гүлзат Жолдошова сотко катышууга мүмкүнчүлүгү болбой, катышкан эмес.
Кийинки сот отуруму эртең, 12-сентябрга белгиленди.
Депутаттык мандатынан БШК тарабынан ажыратылган Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлзат Жолдошова кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталууда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматында айтылгандай, 2025-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңештин аппаратына Султанбай Айжигитовдун жубайы Гүлзат Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн алкагында Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин 2022-жылдын башында жубайы Жолдошованы Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурганы аныкталган. Ал эми колдонуудагы мыйзамдар жубайлардын мамлекеттик кызматта болуусуна тыюу салат.
Анын жубайы Жолдошова кызматтык милдеттерин аткарбай, жумушка келбей, ошол эле учурда ал өлкөнүн бюджетинен айлык акы жана башка тиешелүү төлөмдөрдү толук алып тургандыгы айтылат. Жолдошова 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта эмгек акы, сыйлык, эмгек өргүүсүнө жана башка төлөмдөргө республикалык бюджеттен 3,2 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз алгандыгы айтылат.
Ошондой эле Айжигитов 2005-2008-жылдары жана 2010-2011-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп турганда эки жолу тең аялын мыйзамсыз ишке орноштургандыгы айтылды. Жолдошова Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына караштуу «Төрт-Гүл» мейманканасынын директору болуп, күйөөсүнө түздөн-түз баш ийип, мыйзамсыз түрдө эмгек акы жана башка төлөмдөрдү алып жүргөндүгү да маалыматта кошумчаланды.
29-апрелде Султанбай Айжигитовго күбө катары суракка чакыруу келген. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук социалдык тармакка видео тасма жарыялады.
5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.
Сүрөттө: Султанбай Айжигитов. kenesh.kg




