Жогорку Кеңеште беш депутаттык топ түзүлдү. Сурабалдиева, Ибрагимов, Кокулов депутаттык топко кирген жок
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясында беш депутаттык топ түзүлдү
Депутаттык беш топ түзүлдү жана анын жетекчилери шайланды:
— «Ата-Журт»
жетекчиси – Нурланбек Азыгалиев;
— «Мекенчил»
жетекчиси – Кундузбек Сулайманов;
— «Элдик»
жетекчиси – Акылбек Түмөнбаев;
— «Адилет Кыргызстан»
жетекчиси – Нурбек Сыдыгалиев;
— «Ала-Тоо»
жетекчиси – Жанарбек Акаев.
Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов, Кокулов Эрулан депутаттык топко кирген жок.
Жогорку Кеңештин депутаттык комитеттеринин жетекчиси болуп, Улан Примов шайланды.
Бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы ачылды. Сессияны жашы улуу депутат катары Машрапова Гүлай ачты. Сессияга президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) өкүлдөрү катышты. Президент Садыр Жапаров VIII чакырылыштын депутаттардын алдында сөз сүйлөдү.
10-декабрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын бекиттти. Ага ылайык, БШК 30 көп мандаттуу округда шайлоо өткөнүн таанып, шайлоонун жыйынтыктарына ылайык, 29 көп мандаттуу округдан 87 талапкердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.
Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгын мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарды.
2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 4 294 243 жаран киргизилип, 1 584 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 % түздү.
БШК өлкө аймагында 2492 шайлоо участогун, 27 аралыктан добуш берүү шайлоо участогун, ал эми чет өлкөдө 100 шайлоо участогун ачты. Аралыктан добуш берүү шайлоо участоктору аркылуу 190 030 жаран шайлоого катышты.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланды.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
Сүрөт: Жогорку Кеңештин сессиясынын түз эфирдеги видео тасмасынан алынды.
Сүрөт: kenesh.kg




