Жогорку Кеңеш Орунтаевди министрликке дайындоого макулдук берди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 13-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.
Президенттин жарлыгы менен Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин түзүү чечими кабыл алынды.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү