Орунтаев курулушу токтоп калган объектилерге тышкы башкаруу киргизилерин айтты
- 8 часов мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
31-октябрда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурлан Орунтаев Бишкектеги курулушу токтоп калган бир катар көп кабаттуу турак жай объектилерине барып, ар биринде үлүш ээлери менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү. Курулушу токтоп калган объектилерге тышкы башкаруу киргизилерин айтты.
Төмөндөгү объектилердин курулушу токтоп калгандыгы белгиленди:
-Жибек Жолу көчөсүндөгү 295, 297, 80 батирлүү турак жай. Курулушу 2018-жылы “Эксперт строй” компаниясы тарабынан башталган;
-Мичурин көчөсү 121 Б (А,Б блоктору), 9 кабаттуу 169 батирлүү турак жай. Курулушу 2021-жылы “Эксперт строй” жана “Гидротехстрой” компаниялары тарабынан башталган;
-“Көк-Жар” конушу, Куйручук көчөсү 197/2, 15 кабаттуу 200 батирлүү турак жай. Курулушу 2022-жылы “Эмаком” жана “Ханстрой” компаниялары тарабынан башталган;
— “Көк-Жар” конушу, Молдокулов көчөсү, 360 батирлүү турак жай комплекси. Курулушу 2013-жылы “Кыргыз-Арабиан Альхнейзи” жана “ОППС Строй” компаниялары тарабынан башталган;
—Таш-Дөбө айылы, Куттубаев көчөсү 15/9а, 15/9 б, 15/10, 10 кабаттуу турак үйлөр. Курулушу 2020-жылы “Эмаком”, “Ханстрой” жана “Бренд-Хаус” компаниялары тарабынан башталган;
Кипкалов көчөсү, 5 кабаттуу мансарды бар, 181 батирлүү турак жай комплекси. Курулушу 2021-жылы “Эмаком” “Ханстрой” жана “Бренд Хаус” компаниялары тарабынан башталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн объектилер боюнча көйгөйлөрдү чечүү максатында жакынкы убакытта курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө тышкы башкаруу киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынат. Мындан тышкары аталган компаниялардын уюштуруучуларына жана жетекчилерине тиешелүү чара көрүү боюнча укук коргоо органдарына кайрылуу жөнөтүлөт.
Сүрөт: Курулуш министрлиги




