Нурдан Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды  

  • 1 месяц мурун

Нурдан Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгону президенттин сайтында маалымдалды.  

Аталган кызмат ордуна дайындоо үчүн Нурдан Орунтаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин түзүү чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгону президенттин сайтында маалымдалды.

Сүрөттө: Нурдан Орунтаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты