Бишкекте МИКтин үйлөрүнүн ачкычы тапшырылды
- 10 часов мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинде сегизинчи блоктогу батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Онлайн форматта Кара-Жыгач конушунда жайгашкан 105 батирлүү дагы бир блоктун ачылышы да болду.
-Бул — биз турган “Мурас” турак жай комплексинин 3-этабы. Буга чейин 2 этапка бөлүнүп, 2066 батир пайдаланууга берилген эле. Ал эми бүгүн 1104 батирдин ачкычын өз ээлерине тапшырсак, бул аймактан 3170 батирдин курулушун толук бүткөрүп, берген болобуз, — деп белгиледи мамлекет башчы.
Мамлекет башчы бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 9371 батир пайдаланууга берилип, жарандар жаңы үйлөрүндө жашап жатышканын айтты.
Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек шаарынан Баткенге чейин 65 объектте 83 миңден ашык батирдин курулушун активдүү жүргүзүүдө.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




