Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин түзүү чечими кабыл алынды

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин түзүү чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгону президенттин сайтында маалымдалды.

Мындан тышкары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаментинин базасында Министрлер кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты