Жогорку Кеңеш курултай тууралуу мыйзам долбоорун кайра карайт

  • 1 год мурун

10-майда Жогорку Кеңеш жалпы жыйында “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт.

Буга чейин “Элдик курултай тууралуу” мыйзам долбоору парламенттин талкуусуна алынып чыгып, бирок анын чийки, алешем болгондугуна байланыштуу сын-пикирлерге кабылып, көпчүлүк добуш менен четке кагылган.

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкекте өткөн Элдик курултайга байланыштуу Конституциялык сотко сунуштама тапшырган.

Президенттин өткөн жылы 15-августтагы «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жана 28-сентябрдагы “Президенттин Элдик курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” деген эки жарлыгын конституциялык эмес деп табуу тууралуу сунуштама берилгени маалым болгон. Анда аталган жарлыктар Конституциянын жетинчи жана төртүнчү беренелерине карама-каршы келери көрсөтүлгөн.

“Элдик курултайдын макамы Конституцияда бекитилген. Аны Конституциянын жетинчи беренесине ылайык, мыйзамдаштыруу конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен камсыз кылынуусу тийиш. Бирок Элдик курултайдын ишин уюштуруу жана аны өткөрүүнүн тартиби президенттин жарлыгы менен жөнгө салынганы Кыргызстандын Конституциясынын талаптарына жана мыйзамдарына түздөн-түз карама келет”деп айтылат фракциянын маалыматында.

Быйыл 26-ноябрда Бишкекте эки күн бою Элдик курултай өткөн. Ага бардык аймактардан миңден ашуун делегат катышкан.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты